Таласта митинг өтүп жатат. Митингчилер «Бабановду тийбегиле» деп талап кылууда

3 ноябрь 2017 15:17 870 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 3-ноябрда, Таласта митинг өтүп жатат. Областтык администрациянын жанына чогулган акциянын катышуучулары өзнүнүн талаптарын бийлик өкүлдөрүнө билдиришти.

Анын ичинде, митингчилер эмоцияга алдырып бийликти сындоодо.

Митингчилердин айтымында, башка аймактарда Талас областынын тургундары качан өзүнүн каршылыгын баштайт деп элдер күтүп жатышат.

Анда катышуучулар түрдүү талаптарды айтып кыйкырып турушат.

Айтсак, бийлик кемсинткендиги үчүн областтын жашоочуларынан кечирим суроосу үчүн Бишкекте курултай өткөрүүнү сунуштады.

Ал эми митингчилердин арасынан бирөө бийлик «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановду камакка албасын деп кыйкырып жатты.

Ссылка: https://barometr.kg/content8383



Добавить комментарий