Болливуд жылдызы Шахрукх Кхандын гаражы кымбат унааларга толгон
Индиянын атагы таш жарган жылдызы, актер Шахрукх Кхан кымбат баалуу автоунааларды аябай жакшы көрөт. Анын үйүнүн гаражында мындай кымбат унаалардын коллекциясы тизилип турат. Айтсак, укмуштуудай BMW 7-Series 760 Li, кабриолет BMW 6-Series Convertible, бизнес класстагы автоунаа Audi A6 Luxury Saloon, сонун кабриолет Rolls Royce Phantom Drophead Cou, Toyota Land Cruiser Prado Luxury SUV унаасы, япониялык Toyota Land Cruiser Prado Luxury SUV автоунаасы.
Белгилесек, актер 1965-жылы 2-ноябрда, Нью-Делиде жарык дүйнөгө келген. Ал көптөгөн тасмаларга тартылып, сегиз престиждүү индиялык киносыйлыктарга татыган. Индияда аны “Болливуддун королу” деп аташат. Шахрукх 1991-жылы Гаури Чибберге үйлөнгөн.
Алардын бир кызы жана бир уулу бар.
Ссылка: https://barometr.kg/content8376
Добавить комментарий ×