"Каз Минералз Бозымчак" бейбаштык кылып арчаны кыйганы үчүн айыппул төлөйт
Бөлүшүү:
"Каз Минералз Бозымчак" жоопкерчилиги чектелген уюмунун Жалал-Абад областындагы Бозымчак тоо кениндеги өзгөчө баалуу бактарды кыйгандыгы боюнча мыйзам бузгандыгы аныкталды. Бул тууралуу экология жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.
Аталган инспекция тарабынан ишке ашырылган пландан тышкаркы текшерүүнүн жүрүшүндө карагайларды өз билемдик менен кыйюу боюнча мыйзам бузуулар ааныкталган.
Бул үчүн компанияга 670 миӊ сом суммасындагы айыппул салынды. Ишкана айыппулду төлөөнү убада кылды.
Ссылка: https://barometr.kg/content8358
Добавить комментарий ×