УКМК Таластагы митингдин катышуучуларын суракка алды
Бүгүн, 2-ноябрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде 30-октябрда Таластагы митингге катышкан жарандык активисттерди сураккка алды. Бул тууралуу журналист Күнболот Момоконов билдирди.
Анын маалыматына ылайык, буга чейин жарандык активисттер Жунус Төрөханов, Айбек Бузурманкулов, Аманбол Бабакуловго чакыруу кагазын жиберишкен.
Документте жарандык активисттерди УКМКда иликтөөчү Ч.Исмаиловго суракка чакырылганы белгиленген.
"Активисттерди иликтөөчү бүгүн суракка алды", - дейт кабарчы.
Момоконов атайын кызматтар муну менен Таластагы митингди өткөрбөө үчүн активисттерге басым жасап жатышат деп эсептейт.
Эске салсак, 3-ноябрда Таласта митинг уюштуруу пландалган, областтын тургундары президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча өздөрүнүн нааразычылыктарын билдирүү ниетинде.
Ссылка: https://barometr.kg/content8355
Добавить комментарий ×