Көмүр көйгөйү чечиле баштады
Бөлүшүү:
Кыргызстанда көмүр маселеси чечиле баштады. Кыргыз өкмөт башчысынын орун басары Дүйшөнбек Зилалиевдин биргенине караганда, ноябрь айынын аягына чейин Казакстандан 100 миң тонна көмүр ташылып келет. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматынан кабарлашты.
- Акыркы маалымат боюнча, көмүр келе баштады. Кечээ алгачкы алты, бүгүн тогуз вагон келди. Азыр дагы 25 вагон кыргыз-казак чек арасындагы “Луговое” станциясына келип калды. Ушул айдын аягына чейин 100 миң тонна келет.
Кыш түшө электе эле Бишкекте көмүрдүн баасы төрт миң сомдон ашты. Мунун себебин сатуучулар Казакстандан көмүр келбей калганы менен байланыштырууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content8353
Добавить комментарий ×