Кара-Кече көмүр кенин иштетүүгө сынактын шартын өзгөртүү пландалууда

2 ноябрь 2017 18:44 838 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 2-ноябрда, парламенттин жыйынында, "Бир Бол" фракциясынан депутат Аскарбек Шадиев вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге Кара-Кече көмүр кенинин тагдыры тууралуу суроо берди.

Анын ичинде, депутатты көмүр кенин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна сынак өткөрүү туурасында өкмөт кандай чараларды көрүп жатканы кызыктырды.

Зилалиев өкмөт эки ирет конкурс жарыялаганын эске салды.

"Бирок каалоочулар болгон эмес", - деди Зилалиев. Ал бүгүнкү күндө өкмөт сынактын шарттарын өзгөртүү мүмкүндүгүн карап жатат деп кошумчалады.

"Мисалы, инвесторлорго алгач ЖЭБди эксплуатациялоого киргизип, андан кийин гана темир жолду курууга киришүүнү сунуштап жатабыз", - деп билдирди Зилалиев.

Белгилесек, конкурстун шарттарына ылайык, инвестор Кара-Кече жана Миӊ-Куш кенин иштетүү, «Кара-Кече» жылуулук электр станциясын жана Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече каттамдары боюнча темир жолду куруу жөнүндө келишим түзөт.

Анын ичинде, инвестор аталган жылуулук электр станциясын жана Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече маршруту боюнча темир жолду куруу ишине 2,5 млрд доллар каражат жумшашы керек.

Нарын областындагы Жумгал районундагы Миӊ-Куш көмүр кениндеги жер бказынасы төрт участокко бөлүнөт: "Туракавак", "Ак-Улак", "Батыш" жана "Чыгыш".

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8345



Добавить комментарий