Индияда эки баштуу эгиздер төрөлдү
Индияда эки баштуу, бир жүрөгү бар сиам эгиздери жарык дүйнөгө келди. Мындай сейрек кездешкен ымыркайлар 3,7 кг салмагында төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.
Дарыгерлердин айтымында, ооруканада балдардын энеси өзүнүн кыштагында эч кандай диагностикалык тесттерден өткөн эмес. Качан аял ымыркайларга 32 жума болгондо ичи ооруганда гана боюнда бар экенин сезген.
Эгиздер төрөлгөндөн кийин бир күн жашап каза болуп калышкан. Дарыгерлер билдиргендей, эки баштуу, бир жүрөгү жана өпкөсү менен болгон мындай сиам эгиздери аябай сейрек төрөлөт.
Алардын жашап калуусу такыр эле мүмкүнсүз болчу. Алар төрөлгөндөн кийин дем алуусунда көйгөйлөр жаралган. Ымыркайлар жасалма вентиляцияга кошулган.
Жубайлардын 3 кызы жана баласы бар.
Ссылка: https://barometr.kg/content8341
Добавить комментарий ×