Куралдуу күчтөрдүн полковниги 6 жылга соттолду
Бөлүшүү:
Ысык-Көл областынын Балыкчы шаардык соту тарабынан Куралдуу күчтөр башкы штабынын аскер бөлүктөрүнүн биринин мурунку командири А.К. мүлктөрүн мамлекетке чегерүү, күчөтүлгөн тартиптеги колонияда жаза өтөө чечими менен 6 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматтык бөлүмүнөн билдиришти.
Полковникке «Жоопкерчилигиндеги мүлктү сарптоо же ээлеп алуу» жана «Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып тагылды.
Ошондой эле соттун өкүмүнө ылайык, ал КРдын Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат (3 жылдык мөөнөт менен) кылуу укугунан ажыратылды.
Ссылка: https://barometr.kg/content8340
Добавить комментарий ×