Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды
Бөлүшүү:
Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкектеги Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Милицияга 25-октябрда шаардык маршруткалардын биринде ичинде акча жана документтер болгон капчыкты уурдап кеткен белгилисз адамдарга карата чараларды көрүү арызы менен кайрылган.
Изи сууй электе ИИББдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип мурун соттолгон, 1987-жылы туулган Ш.Э. аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө анын шымынын чөнтөгүнөн ORALE и «Самсунг» маркасындагы эки уюлдук телефон табылган.
Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content8339
Добавить комментарий ×