Сапар Исаков КМШ жыйынына катышуу үчүн Ташкентке барды

2 ноябрь 2017 15:19 372 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 2-ноябрда, КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеӊешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына келди. Ташкенттеги эл аралык аэропорттон өкмөт башчы Сапар Исаковду Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Нодир Отажонов тосуп алды.

 

КРдын делегация курамында Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, Кыргызстандын Өзбекстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыков, КРдын Беларусииядагы ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев, экономика министри Артем Новиков, транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов, Мамлекеттик маалыматтык технологиялар комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов, КРдын өкмөтүнүн чек аралар маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров, премьер-министрдин кеӊешчиси Гулнура Торалиева, өкмөттүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков жана Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Болсунбек Казаков бар.

Ссылка: https://barometr.kg/content8338



Добавить комментарий