Курсан Асанов: «Нью-йорктук террорчу тууралуу ИИМдин маалыматы жок»

2 ноябрь 2017 13:33 472 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Нью-Йоркто болгон терактты ишке ашырган айыпталуучу, өзбек жараны Сайфулло Саиповго карата маалыматка ээ эмес. Бул тууралуу Barometr.kg сайтынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Белгилесек, буга чейин россиялык мааалымат каражаттарында Саипов бир аз убакыт Ош областында жашап жүргөн деген маалымат чыккан.

Министрдин орун басары бул тууралуу эч нерсе билбей турганын билдирди.

"Террорчулар боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билет", - деди Асанов.

Эске салсак, 31-октябрда Нью-Йоркто 29 жаштагы Сайфулло Саипов оор жүк ташуучу унаа айдап баратып велосипед тээп бараткандарды коюп кеткен. Натыйжада 8 адам каза таап, 11 жаран жабыр тарткан.

Ссылка: https://barometr.kg/content8331



Добавить комментарий