Айбек Калиев эгерде кайра төлөп берүү болуп калса, компания обоненттердин ашыкча каражаттарын эсептеп, кайтарып берүүгө даяр деп билдирди

13 февраль 2017 15:18 477 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-февралда, электр энергиясынын коммерциялык эсебин функционалдык автоматташтырылган маалыматтык-эсептөө системасы– «акылдуу эсептегичтер» боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Жыйынга катышып олтурган Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК Башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев «Биз тараптан бардык обонеттер менен тиешелүү иштер өткөрүлүп, колдонулган электр энергиясынын так өлчөмүн билүү үчүн рейддик текшерүүлөр жүргүзүлүүдө», – деп билдирүү жасап, « эгерде кайра төлөп берүү болуп калса, компания обоненттердин ашыкча каражаттарын эсептеп, кайтарып берүүгө даяр экендигин айтты. Энергетикалык холдингдин башчысынын билдиргенине караганда  мындай абал 2016-жылдын декабрь айында жана 2017-жылдын январь айында техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам келип чыккан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content833



Добавить комментарий