Азамат Арапбаев: «Өкмөт 55 миӊ тонна көмүрдү жөн эле талаага чачты»

2 ноябрь 2017 13:19 1064 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 2-ноябрда, парламенттин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Азамат Арапбаев өкмөттү ысырапкерчилиги үчүн сынга алды.

Депутат Бишкек ЖЭБинде 50 миӊ тонна көмүр күйүп кеткенин эске салды.

"Көчөдө күн жылуу, мындай аба ырайы дагы он күнгө созулат. Бирок өкмөт жылуулукту эрте берип койду, эми үйлөрдүн ичи ысык болуп ал турсун эшик-терезелерди да ачып жатышат. Бул арада ЖЭБде 50 миӊ тонна көмүр жагылып калды. Өкмөт мындайча айтканда көмүрдө алып турупле талааага ыргытып жиберди", - деп нааразы болду ал.

Аскарбек Шадиев өкмөттүн мүчөлөрүнө Жылуулук электр борбору тургундар менен объектилерди жылуулук менен камсыздоо үчүн күнүнө канча отун сарптай турганын сурады.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин билдирүүсүнө ылайык, орточо эсеп менен күнүнө жылуулукка 8 миллион сом кетет.

"Бардыгы болуп 72 миллион сом короду", - деди Зилалиев.

Депутаттар жылуулукту мөөнөтүнөн мурун берүү чечимин кабыл алган чиновниктерди тартууга чакырды.

Депутаттар чиновниктер мамлекетке зыян келтирди деп ишенүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content8328



Добавить комментарий