Иордания суу ресурстары жок калабы?
Бөлүшүү:
Иордания королчулугун каптаган кургакчылык нормалдуу сапаттагы таза суунун жоктугуна алып келиши ыктымал. Бул тууралуу серепчилер белгилешүүдө.
Белгилүү болгондой, иорданиялык суу сактагычтар бир нече жылдардан бери уланып келаткан жагымсыз климаттык шарттардан улам суунун запасы калбай баратат. Мындан тышкары, Иордан-Ямрук дарыясы тайыздап баратат.
«Мамлекет көйгөйдөн чыгуу үчүн чараларды көрүш керек, болбосо кырдаал күчөйт»,-дейт өлкөнүн Суу ресурстар министрлигинин өкүлү Али Субах.
Болжоолорго ылайык, 2100-жылы Иорданияда жаан-чачындын көлөмү азыркы учурга салыштырмалуу дагы азаят.
Ссылка: https://barometr.kg/content8325
Добавить комментарий ×