Тажикстанда эки тергөөчү пара менен кармалды

2 ноябрь 2017 12:08 385 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тажикстандын Хамадони райондук ички иштер бөлүмүнүн эки тергөөчүсү 90 долларлык велосипед уурдоого шектелген адамдан 1 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Абдусамад Розиков жана Шерхон Маджидов аттуу тергөөчүлөр 28-октябрда өздөрүнүн иш бөлмөсүндө 8 миң сомони (1 миң долларга жакын) өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Антикоррупциялык мекеменин кызматкерлери тарабынан кармалышкан.

Тергөөчүлөргө айып тагылгандан кийин райондук милиция бөлүмүнүн башчысы Хайриддин Жаффарзода ээлеген кызматынан бошотулду.

Өз булактар алгач тергөөчүлөр уурулукка шектелген адамдан 10 миң сомони талап кылып, бербесе кылмыш ишин козгой тургандыктарын айтып опузалашканын билдиришти. Бирок шектүү болгону 8 миң гана сомони таап келген.

Милиция кызматкерлерине карата пара алуу беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Куляб шаарындагы тергөө абагына камалышты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8322



Добавить комментарий