Кыргызстанда 2020-жылы калкты жана турак жай фондусун каттоо башталат
2017-жылдын 23-октябрында өкмөттүн «2020-жылга карата КРда калкты жана турак фондусун каттоону жүргүзүү жана даярдык көрүү боюнча» токтому чыкты.
Токтомго ылайык, Кыргызстанда каттоону 2010-жылы 23-марттан 1-апрелге чейин сурамжылуу жолу менен жүргүзүү пландалууда.
Каттоого тийиштүү болгондор:
- КРдын бардык жарандары, өлкө аймагында жүргөн чет мамлекеттин жарандары жана жарандыгы жок жактар, ошондой эле, чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары, анын ичинде КРдын чет мамлекеттеги мекемелердеги консулдук учетто турган жактар;
- Кыргыз Республикасынын территориясында жайгашкан бардык турак жай имараттары.
2019-жылдын 25-мартынан 3-апрелге чейин Чүй областынын территориясында жана Чүй областына караштуу Токмок шаарында калкты жана турак жай фондуларын пилоттук каттоо иши жүргүзүлөт.
Каттоо ишин жүргүзүүгө ишканалар, уюм, мекемелердин жумушчуларын, мектеп мугалимдерин, орто жана жогорку окуу жайларда билим алып жаткан студенттерди, окутуучуларды, ошондой эле бош эмгекке жарамдуу калкты тартуу пландалууда.
Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына 2017-жылдын 1-сентябрынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин калк жайгашкан пункттарды жана көчөлөрдүн атын алмаштырууну токтотуу тапшырмасы берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/content8321
Добавить комментарий ×