Зилалиев: "Күз-кыш мезгилине даярдык өз деӊгээлинде жүрүп жатат"
Бүгүн, 2-ноябрда, Жогорку Кеӊештин жыйынында депутаттар «КР өкмөтүнүн экономика тармактары жана калктын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы боюнча иштер туурасында» маалыматты угушту. Жыйынга вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин башчылыгында, өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү ведомстволордун жетекчилери катышты.
Вице-премьер-министр Зилалиевдин маалыматына ылайык, күз-кыш мезгилине даярдык өз деӊгээлинде жүрүп жатат. Бюджеттен каралган 3 млрд 41 млн 700 миӊ сомдон 2 млрд 200 млн сомдон ашуун каражат бөлүндү.
«Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү республикада жылытуу сезонду ийгиликтүү өтүүдө эле эмес, ошондой эле электр энергиясын коӊшу өлкөлөргө экспорттого мүмкүнчүлүк берет»,-дейт докладчы.
Мындан тышкары, өлкө боюнча 623 отун базасы ачылды. «Бишкек шаарында жылуулук мезгили 18-октябрда башталды. Азыркы тапта бардык турак үйлөр менен социалдык мекемелерге жылуулук берилген. 1-ноябрга карата бюджеттик уюмдар 146,6 миӊ тонна көмүр менен камсыздалды. Бишкектеги ЖЭБде 4,8 миӊ тонна мазут, 257 миӊ тонна көмүр бар», - деп билдирди Зилалиев.
Жыйын «суроо-жооп» форматын уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content8315
Добавить комментарий ×