Төрөбаев өкмөттү «Төө Ашууда» жол тыгынды болтурбоого чакырды
Бүгүн, 2-ноябрда, пардаменттин жыйынында «Өнүгүү Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев кыш убагында «Төө Ашуу» ашуусунда жол тыгынына жол бербөө боюнча көрүлгөн чаралар туурасында министрлерге суроо салды.
"Өзгөчө кырдаалдар менен Транспорт министрликтери кышкыга даярбы? Мисалга, ашуудагы жолдорду тазалоо үчүн тиешелүү кызматтарды техника менен камсыздоо үчүн кандай чаралар көрүлүп жатат? Дайым кыш мезгилинде ушундай көйгөйлөрдөн улам айдоочулар жапа чегип калышат", - деди ал.
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев тиешелүү кызматтар керектүү техника менен камсыздалганын айтты.
«Жакында эле «Төө ашууга» кар түшкөндө жеке өзүм дагы ал жакта элем. Тилекке каршы техниканын жетишсиздигинен бир эле грейдер иштеп жаткан. Ал жолдорду тазалоого жетишпей жатты, ошон үчүн жол тыгын пайда болду. Мен министрликке телефон чалдым, кечке маал керектүү техниканы алып келишип жолду тазалашты. Ушундан кийин биз өкмөттө жыйын өткөрдүк, ведомстволорго тиешелүү тапшырмалар берилди. Бүгүнкү күндө зарыл жабдыктар бар", - деп жооп берди Зилалиев.
Ссылка: https://barometr.kg/content8314
Добавить комментарий ×