Бабур Төлбаев: «Мен ийгиликтүү ишкер аялдар менен баарлашам, алар суктанууга татыктуу»

2 ноябрь 2017 10:52 799 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жарандык активист Азамат Аттокуров микрокредиттик компаниянын башкы директору Бабур Төлбаевди Кыргызстандын аялдарынан кечирим суроого чакырды.

Эске салсак, буга чейин Төлбаевдин соиалдык түйүндөргө жарыяланган видео маеги коомчулукта чоӊ талкууну жараткан.

Анын ичинде, башкы директордун Кыргызстандагы аялдардын 70%ы экинчи аял болуп күйөөгө тийүүгө даяр деген пикири катуу сынга алынган. Төлбаев аялдар эркектерге жагыш үчүн сөзсүз эле бизнесвумен болушу шарт эмес деген ишенет. Анын айтымында аялдык лидерлик бул болбогон нерсе.

 

Жарандык активист Бабур Төл баев кечирим гана сурабастан ошондой эле, кызматынан кетиши керек деп эсептейт.

Аттокуровдун билдирүүсүндө төмөндөгүдөй жазылган:

Кымбаттуу айымдар!

Аялдык лидерлик бул болбогон нерсе эмес. Былжырак сөз бул Бабур Төлбаевдин айткандары. Сүткор-мусулман, көп аял алууну колдогон адам. Статистика боюнча кредиттик компаниялардан насыя алгандардын 65 пайызы аялдар. Алар элет аялдары, үй-бүлөсүн багуу үчүн алып жаткан. Муну менен бирге КРдын бардык мүлкүнүн 65 пайыздан көбү эркектерге таандык. Башкача айтканда, аялдар тобокелдикке барып жатышат, а мөмөсүн эркектер алышууда. Республикада кылмыштардын 85 пайызын эркектер, аялдар 15%ын жасашат. Көрүп тургандай, аялдар менен баары жайында. Маселе эркектерде жатат. Ошондуктан үй-бүлөдө эки тарап теӊ өнүгүшү керек", - деп эсептейт Аттокуров.

Жарандык активист Төл баевге кайрылып жаты паны эркек болууга чакырган.

"Эркек болуӊуз, Бабур, аялдардан кечирим сураӊыз жана кызматыӊыздан кетиӊиз. Мени башкача түшүнүп калышты деп айтпай эле коюӊуз. Бары барын түшүндү. Аллах жолунда сүткорлук менен алектнеүү бул эки жүздүүлүк, ошондуктан жумушуӊуздан кетиӊиз", - деп талап кылды ал.

Бирок Бабур Төлбаев аны чыны менен эле коомчулук туура эмес түшүнүп алган, анын айтайын дегени башка нерсе болгонун айтат.

Ал аялдык лидерлик болбогон сөз дегенди ийгиликтүү аялдарга суктанганын түшүндүргөн.

"Күнүбүздө  үй-бүлө институту татаал сыноолорду башынан өткөрүп жатат. Биз буга чоӊ көӊүл бурушубуз керек. Баарынан мурда аял бул үй-бүлөнүн негизи болгу үчүн анын абалына жана ролуна маани берилиши керек. Менин маегимде аялдар урмат менен жакшы мамилеге татыктуу деп айткам. Аялга жакшы мамиле кылган эркек жакшы эркек, начар мамиле жасаса анда ал начар эркек эсептелет. Бирок терс посттордун авторлору бул айтылгандарды белгилебей өтүшүптүр. Мен негизи ишкер аялдар менен баарлашам. Алар суктанууга татыктуу жана аларды башкаларга үлгү катарында айтам. Эӊ негизгиси алар бактылуу!" – деп айтылат анын билдирүүсүндө. 

Ссылка: https://barometr.kg/content8312



Добавить комментарий