Тажикстанда дүйнөлүк үлгүдөгү жол курулат
Азыр Тажикстандын эки ири шаарлары болгон Дүйшөмбү жана Курган-Төбөнү кадимки эле эки тараптуу жол байланыштырып турат. Бирок жакын араларда ал жолдун үстү сапаттуу жасалы, мал-жандыкты коопсуз айдап чыгууга орун, элдер өтө турган жол, автобустук аялдамалар жана күн батареясы менен иштей турган жарыктандыруу коюлат.
орнотулат.
Мындай класстагы жолдор Тажикстанда буга чейин болгон эмес. Жодон күн сайын миӊдей жүк ташуучу жана жеӊил унаалар өтөт, ал эми трасса 12 жыл мурун оӊдоолор болгон, учурда жолдун көпчүлүк бөлүгүндө чуӊкур жана жыртыктар көбөйдү.
Баарынан дагы жолго күндө чыккан такси айдоочулары, майда-барат соода кылгандар жана трассанын боюнда жашаган тургундар үчүн кыйынчылык жаралууда. "Эки-үч айда бир жолу автоунааны оӊдотууга туура келет. Мунун баары жолдун начар болгонунан болууда", деп нааразычылыгын билдирди жеке ишкер Абдурахмон.
Тажикстандын бийлиги жаӊы жолдун курулушу жакын арада ишке ашарына убада кылды. Азия өнүгүү банкы долбоорго 65 млн. доллардан ашуун каражат бөлдү.
Банктын жетекчилигинин айтымында, кенен, сапаттуу жол экономиканын өнүгүүсүнө жол ачат: өлкөнүн эки ири калаасын бириктирет, товаржүгүртүүнү тездетет жана жогорулатат. Мындан тышкары, трасса Тажикстан менен Афганистандын ортосунда транспорттук коридордун бир бөлүгү болмокчу.
Ссылка: https://barometr.kg/content8306
Добавить комментарий ×