Алексей Навальный Путинди сотко берерин билдирди

2 ноябрь 2017 08:48 497 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Антикоррупциялык фонддун негиздөөчүсү Алексей Навальный Орусия президенти Владимир Путинди жана анын администрациясын сотко берерин билдирди. Бул тууралуу Борбор Азия кызматы билдирди. Оппозициячы өлкө шаарларынын жергиликтүү бийликтери Кремлдин көрсөтмөсү менен анын шайлоочуларына жолугушуусуна тыюу салууда деп эсептөөдө.

"Орусиядагы 40-50 ири шаарлардын администрациялары жума сайын мыйзамды түздөн-түз жана одоно бузуп жатышат" деп жазды Навальный өз блогуна.

Анын пикиринде, Кремль оппозициячынын жолугушууларына тарапташтарынын көп келип жатканына тынчсызданууда. Ал акциялар мындан ары дагы өткөрүлө берерин, бирок жеке аянттарда же имараттарда башкача форматта уюштуруларын айтты.

Алексей Навальный кийинки жылдын мартында өтө турган президенттик шайлоого катышарын билдирген. Орусиянын 80 шаарында штабы ачылып,учурда ал аймактарда үгүт иши менен жүрөт.

Бирок буга чейин Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Навальный мурда эки ирет шарттуу соттолгонуна байланыштуу 2028-жылга чейин шайлоого катыша албасын билдирген.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8302



Добавить комментарий