Москвада кыргызстандыктарды алдап жүргөн аял кармалды
Москвада кыргызстандыктарга карата бир катар алдамчылык иштерине шектелип аял кармалды. Бул тууралуу КРдын Ички иштер министрлигинин Россиядагы расмий өкүлчүлүгү билдирди.
Ушул жылдын 31-октябрында 1966-жылы туулган, кыргызстандын жараны М.З.А. аттуу Зоя Соколова деп аталып жүргөн жаран кармалды.
Ал өзүн медицина илимдеринин доктору, жогорку категориядагы терапевт жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде иштеген кызматкер катарында тааныткан.
Аял кыргызстандыктарга кыска мөөнөт ичинде белгилүү бир суммага Россия менен кыргызстандын паспортун оӊдоого, ошондой эле, камактагыларды бошотууга убада берген.
Азыркы тапта Москва полициясы тарабынан шектүүгө каратат кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө
Ссылка: https://barometr.kg/content8297
Добавить комментарий ×