Өмүрбек Текебаев мандатынан ажыратылды
Бөлүшүү:
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратты. Бул тууралуу NazarNews.kg билдирди.
Маалыматка ылайык, маселени кароо өтүнүчү Бишкек шаардык сотунан түшкөн.
Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков депутат Өмүрбек Текебаевдин мандатын алуу сунушу менен Боршайкомго кайрылган.
Эскерте кетсек, 2-октябрда Шаардык сот Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурунку министр Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга камоо боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.
Ссылка: https://barometr.kg/content8292
Добавить комментарий ×