Түркияда полиция ур-токмокко алган кыргызстандык аял дарыланууда
Бөлүшүү:
Көчөдөн кыргызстандык жаранды сабап ур-токмокко алган түрк полиция кызматкерлери дароо эле кызматынан четтетилген жана азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматынан билдиришти.
Окуя болгондон тартып бүгүнкү күнгө чейин жабыр тарткан Кыргызстандын Р.А. аттуу жараны менен укуктук жардамдарды көрсөтүү үчүн элчилик тыгыз байланышта болуп келет.
«Элчилик ошондой эле жабырлануучу дарыланып жаткан клиниканын жетекчилиги мене ниш жүргүзүүдө. Мындан тышкары, КРдын Ички иштер министрлигинин жоопкерчиликтүү кызматкери бейтаптын Бишкекте жашаган атасы жана бир тууганы менен тыгыз байланышып турат»,-деп басма сөз кызматынан маалымдашты.
Ссылка: https://barometr.kg/content8291
Добавить комментарий ×