Мурат Жуматаев Илимдер академиясынын президенти болуп шайланды

1 ноябрь 2017 15:27 540 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мурат Жуматаев Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп шайланды.

Академиянын президентин шайлоо кечээ, 31-октябрда болду.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, М.Жуматаевдин талапкерлиги 126 добуштан 116 добуш менен жактырылган.

Документ КРдын өкмөт башчысынын ырастоосуна жөнөтүлгөн.

Буга чейин Жуматаев аталган академиянын президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

«Илимий жетишкендиктер өндүрүшкө начар жайылытылып жатат. Мен биз эгер перспективдүү багыттарды аныктасак ийгиликке жетишебиз жана биздин иштер колдоого алынат деп ойлойм»,-дейт Жуматаев.

Ссылка: https://barometr.kg/content8290



Добавить комментарий