Сапар Исаков милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Премьер-министр Сапар Исаков ички иштер органдарынын кызматкерлерин КР Милиция күнү кесиптик майрамы менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоо текстин келтиребиз:
«Урматтуу милициянын кызматкерлери жана ардагерлери! Чын жүрөгүмдөн КРдын ички иштер органдарынын жеке курамын жана ардагерлерин Милиция күнү кеиптик майрамы менен куттуктайм!
Сиздер өзүӊөрдүн жашооӊорду татаал жана асыл кесип менен байланыштырдыӊар. Милициянын ар бир кызматкеринин өз жанын аябаган жумушу – бул республиканын тургундарынын тынчтыгы жана туруктууулугунун кепилдиги. Милиция кызматкерлеринин машыгуу, өзүн-өзү токтото билүү, эрдигинен криминалдык коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чечкиндүү чаралардын натыйжалуулугу көз каранды.
Милициянын ишмердүүлүгү коомдук жашоонун бөлүгү эсептелет. Сиздерге адамдардын тагдырын камтыган маселелерди чечүүгө туура келет. Мына ошон үчүн милиция кызматкерлери адилеттүлүк сезимине, адамга болгон тереӊ урматка, кесиптик маданият жана жоопкерчиликке ээ болуусу керек. Өзүӊөрдүн жаныӊарды аябаган күндөлүк жумушуӊар менен сиздер тандап алган кесибиӊерге берилгендикти далилдеп отурасыӊар.
Сиздерге талыкпас жана адал ниеттүү эмгегиӊер үчүн, көп учурда кооптуулук жана тобокелдик менен байланышкан кызматтык милдетиӊерди аткаруудагы эрдигиӊер үчүн ыраазычылык билдирем.
Сиздер мындан ары дагы укук тартиби жана коомдук коопсуздук күзөтүндө бекем турарыӊарга, конституциялык милдетке берлигендикти сактарыӊарга ишенем.
Бул күнү сиздерге жана жакындарыӊарга бекем ден соолук, бакыт каалайм!»
Ссылка: https://barometr.kg/content8288
Добавить комментарий ×