Кара-Буурада баласы атасын балка менен башка чаап өлтүргөн
Талас областындагы Кара-Буура райондук соту тарабынан 22 жаштагы К.у.А. аттуу жаран адам өлтүрүүгө айыпталып 3 жылга эркинен ажыратылды.
Үй-бүлөлүк чыр ушул жылы 19-августта болгон. соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, эркек адам ачык баш сөөк жаракатынан каза тапкан. Анын канында 2,35% этил спирти бар экени аныкталган.
Аялдын айтымында, күйөөсү көчөдөн каза болгон: "Ал үйгө кечки саат ондордо мас болуп келип арак талап кылган. Мен түндө арак сатылбайт деп жооп бергенде ал арак алып келүүгө чыгып кеткен. Түн жарымда короого чыксам Кубанычбек сарайдын жаныда жерде жатыптыр. Балдар менен аны үйгө киргизүүгө аракет кылганыбызда ал салкында жатам деп болбой койду. Болжол менен таӊга маал ал каза болду».
Маркум жерге берилгенден кийин милиция кызматкерлери бул үйгө келет. Алар маркум эшикте эмес үйдө каза болгон деген версияны айтышат. Сурак учурунда К.у.А аттуу жаран күнөөсүн мойнуна алган. Ал окуя кандайча болгонун өзү түшүнбөй калганын, бир гана апасын коргойун деген ой болгонун сотто түшүндүргөн: "Ошол күнү атам велосипед менен бир жака кеткен. Кийин мас болуп келип тамак берип жаткан апамды кемсинтип идиштерди ыргыта баштады. Арак алып кел деп таап кылды апамдан. Биз ага дүкөндөр жабык экенин, аракты эртеӊ сатып келебиз дегенибизде ал тынчыган жок. Ошондо мен аркасынан барып кармайын дегенде ал суурулуп чыгып кетти. Мен төшкө уруп жибергенде ал башы менен тамга тийди. Ал учурда мен ачуум менен колума балка алып башка чаптым. Атам эсин жоготуп койду, мен кандайча мындайга барганымды түшүнбөй калдым».
соттук-психиатриалык экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, айыпталуучу буга чейин жана учурда дагы психикалык жактан жабыркайт. Бул «жигит кылган иш-аракеттерине өзү отчет бере алган эмес» дегенди билдирет. Кара-Буура райондук соту аны шарттуу түрдө 3 жылга эркинен ажыратты.
Ссылка: https://barometr.kg/content8286
Добавить комментарий ×