Бишкектин тургуну «Рубин» зергер дүкөнүнүн кожоюнуна нааразы

1 ноябрь 2017 14:09 525 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын тургуну Ольга Рустамова Рубин» зергер дүкөнүнүн ээсинин иш-аракеттерине нааразы. Дүкөндүн кожоюну өзүм билемдик менен турак үйдүн кире бериш короосуна коду бар каалга орнотуп койгон.

"Биз Совет-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жашайбыз. Жаныбызда Рубин дүкөнү бар. Биздин короо чоӊ. Бул дүкөндүн ээси карточкалык система бар эшикти орнотом деп чечкен, орнотуп койду болуш керек. Ошондо мен, кошуналар үчүн гана карточка менен кирсе болот. Эгерде бизге коноктор келсе биз эшикке чыгып ачууга туура келет. Эч ким менен акылдашпай туруп ушундай кадамга барганына нааразымын. Дагы карточканы 100 сомдон сатып коет. Бул маселе боюнча мыйзам барбы?»,-деп жазган социалдык түйүндөргө О.Рустамова (автордун стили менен орфографиясы сакталган).

Ссылка: https://barometr.kg/content8285



Добавить комментарий