Рейд: «Глобус» гипермаркетиндеги шектүү алкоголдук продукциялар алынды

1 ноябрь 2017 11:36 632 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан салык көзөмөлүн текшерүү рейдинин жүрүшүндө Чүй областына караштуу Сокулук районундагы «Глобус» гипермаркетинен шектүү акциздик маркасы бар түрдүү аталыштардагы жана көлөмдөгү 100 бөтөлкө алкоголдук продукция алынып салынды.

Акциздик маркалардын нускасын аныктоо үчүн материалдар жана аталган продукциялар КРдын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-экспертизалык кызматына жөнөтүлдү.

Экспертизанын жыйынытыгы боюнча мыйзамга ылайык бардык зарыл чаралар көрүлмөкчү.

Ссылка: https://barometr.kg/content8277



Добавить комментарий