Газдын баасы бир аз кымбаттады

1 ноябрь 2017 11:19 547 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жаратылыш газына болгон баалар 2017-жылдын ноябрь айына карата бир аз жогорулады. Демек, калк үчүн газдын 1 метр кубу – 14,40 сомду түздү. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өнөр жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн бардык салыктарды эске алганда: 1 м3 – 17,65 сом, сатыктан түшкөн салыксыз 1 м3 – 17,50 сомду түздү.

2017-жылдын 1-ноябрына карата доллардын расмий курсу 68,74 сомду түздү.

Октябрда баалар:

- республиканын калкы үчүн 14,39 сом 1 м3 үчүн

- өнөр жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн салыктарды эске алганда — 1 м3 үчүн 17,64 сом, сатыктан түшкөн салыксыз 1 м3 үчүн 17,49 сомду түзгөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8274



Добавить комментарий