Кыргызстанда бир суткада 25 өрт катталды
Бөлүшүү:
31-октябрдан 1-ноябрга караган түнү Кыргызстанда 25 өрт катталды. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Жалал-Абад областындагы Ала-Бука районундагы Достук кыштагындагы Карабев көчөсүндө жайгашкан турак-жайда 60 чарчы метр аянтындагы чарба курулуштары жана 200 түк чөп күйүп кеткен. Өрттүн себеби: кичине баланын тентектиг, үй ээсинин уулу Алишер Хайруллаев (2012-жылы туулган) от менен ойноп өрттөп алган.
Ал эми Кант шаарында Токтогул көчөсүндө жайгашкан үйдө 20 чарчы метрди түзгөн чарба курулушу, 2 терезе жана 1 каалга өрттөнүп кеткен. Өрттүн себеби: тамеки тартууда кылдатсыздык мамиле, үй ээсинин кызы Сабина Жайлообаева (2000-жылы туулган).
Ссылка: https://barometr.kg/content8271
Добавить комментарий ×