Шаар, айылдарга адамдардын ысымын коюуга тыюу салынды

1 ноябрь 2017 09:36 447 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитет кечээ, 31-октябрда, биринчи окууда «КР географиялык ысымдар боюнча» мыйзамга оӊдоолорду киргизүүнү жактырды.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеӊештин депутаттары Мирлан Бакиров, Кубанычбек Нурматов жана Эмиль Токтошев демилгеледи.

Оӊдоолорго ылайык, административдик-территориалдык бирдиктер, (бир гана, географиялык объекттерди негиздөө, ачуу, өздөштүрүүгө түздөн-түз катыштыгы бар жактар,  көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, мамлекет алдында эмгеги сиӊген маданият, илимдин өкүлдөрүдүнөн тышкары) жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдар, областтар, райондор, шаарлар, кыштактардын атын өзгөртүү, ысым берүүгө тыюу салынат. 

Ссылка: https://barometr.kg/content8262



Добавить комментарий