Москва: латынчага өтүү — Казакстандын ички иши
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин расмий Москва Казакстандын латын арибине өтүү тууралуу чечимин “өлкөнүн ички маселеси” деп биле турганын маалымдады. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы билдирди.
"Менимче, бул жагдайда биздин позициябыз жөнөкөй, чын-чынына келгенде кайсы тилди кандай деңгээлде колдонуу – Казакстандын ички иши", - деди Карасин. Анын айтымында, жаңы арипке өтүү бираз убакытты алат жана котормодо өзгөчө маселе жаралбайт.
Буга чейин Орусиянын Казакстандагы элчиси Михаил Бочарников да Москва Казакстандын казак арибинен латын графикасына өтүү чечимине “түшүнүү жана урмат менен карай турганын” маалымдаган.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 27-октябрда латын арибине негизделген казак тилинин жаңы алфавитин бекиткен жарлыкка кол койгон. Президент өкмөткө бул боюнча улуттук комиссия түзүү тапшырмасын берген. Назарбаев 2025-жылга чейин бардык иш-кагаздар, расмий аталыштар латын арибинде болушу керектигин билдирген. Айрым талдоочулар казак бийлигинин бул кадамын Орусиянын таасиринен арылуу аракети катары баалашкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content8260
Добавить комментарий ×