Парламент маданият министрлигине Султанбек Жумагуловдун талапкерлигин жактырды

1 ноябрь 2017 09:06 502 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети, кечээ, 31-октябрда, КРдын Маданит, маалымат жана туризм министри кызматынан Султанбек Жумагуловдун талапкерлигин карады.

Анын талапкерлиги премьер-министром Сапар Исаков тарабынан көрсөтүлгөн. Талапкер тууралуу маалыматты вице-премьер-министр  Чолпон Султанбекова тааныштырды.

Талкуунун жыйынтыгында комитет маданият, маалымат жана туризм министри кызмат ордуна Жумагуловдун талапкерлигин жактырышты.

Эске салсак, 28-октябрда Түгөлбай Казаков маданият министри кызматынан өз каалоосу менен кеткен. Президент анын отставкасы тууралуу буйрукка кол койгон.

Ссылка: https://barometr.kg/content8258



Добавить комментарий