"Таза Коом" долбооруна 1 миллиард сом акча жумшалат

1 ноябрь 2017 08:57 409 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитети кечээ, 31-октябрда, биринчи окууда «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга карата бюджети жана 2019-20120-жылдарга карата болжолдоо тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Вице-премьер-министр Даир Кенекеев билдиргендей, 2018-жылга болгон мамлекеттик инвестициялардын грантын эсепке алуу менен, мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше көлөмү 158 млрд 398 сомду болжойт.

Каржы министри Адылбек Касымалиев белгилегендей, кийинки жылы бюджеттен «Таза коом» долбоорун ишке ашыруу үчүн 1 миллиард сом, айыл чарбаны өнүктүрүүгө 700 млн сом, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 200 млн сом, ал эми капиталдык курулуштар үчүн 2,9 млрд сом бөлүү каралды.

Айрым министрликтер менен ведомстволордун кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу үчүн 1,4 млрд сом көлөмүндөгү каражат бөлүү каралды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8257



Добавить комментарий