Акыйкатчы Кубат Оторбаев 1,5 миллион сомдук унаадан баш тартты

31 октябрь 2017 18:01 535 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРдын Акыйкатчы аппараты 1,5 миллоин сомдук унаадан баш тартууну чечти. 4-октябрда акыйкатчы аппараты унааны сатып алууга тендер жарыялаган. Кандай автоунаа талап кылынарын мамлекеттик орган тактаган эмес. Автоунаанын түсү боз, күмүш түстүү же ак болушу керектиги гана белгиленген. Социалдык түйүндөрдөгү колдонуучулар ведомство каражатты рационалдуу эмес пайдаланат деп эсептешекен.

Өз кезинде акыйкатчы Кубат Оторбаев омбудсмендин институтунун автопаркы эскилиги жеткен, аны 15 жылдан бери биринчи жолу жаӊылап коюуну чечтик деп түшүндүргөн.

Бүгүн маалым болгондой, Оторбаев республикалык бюджетти үнөмдөө максатында тендер токтотулганын айтып, катты каржы министри Адылбек Касымалиевге жолдогон. Ал ошондой эле, бөлүнгөн каражатты балдар үйлөрүнө берүүнү каалаганын белгилеген

Ссылка: https://barometr.kg/content8249



Добавить комментарий