9 айдын ичинде 318 өзгөчө кырдаал катталган

31 октябрь 2017 17:06 412 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 31-октябрда, Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында 2017-жылдын 9 айы ичиндеги ведомствонун ишмердүүлүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын жүрүшүндө министрдин орун басары калыс Ахматов сөз сүйлөдү.

«Табигый мүнөздөгү чукул кырдаалдардын өсүшүнүн негизги себептери болуп жамгыр жана кар түрүндө жаан-чачындардын күп болушу эсептелет. Бардыгы болуп тогуз айдын ичинде техногендик жана табигый мүнөздөгү 318 өзгөчө кырдаал катталган. Материалдык чыгым 896 млн  844 миӊ 800 сомду түздү, зыян салыштырмалуу 4,7 пайызга кыскарган. Мындай кырдаалдардан басымдуулук кылгандары: кар көчкү - 104 жолу, жер көчкү - 67, сел - 46, катуу шамал – 12»,-деп билдирди Калыс Ахматов.

Аткарылган иштердин жыйынтыгында 20 619 турак-жай, 24 239 га айыл чарба аянты, 2 көпүрө, 13 ички чарба көпүрө, 19 мектеп, 1 ипподром, 5 бала бакча, 1 соода борбору, 5 мечит, 11 медпункт, 3 мүрзө, 7 сарай, 2 суузабор, 1 мал-жандыктарды көмгөн жай, 6 соцобъект корголгон.

Министр Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаалдарды эскертүү маселелеринде Жарандык коргоо кызматы, өзүн-өзү башкаруу жергиликтүү органдар жана жергиликтүү калкты активдүү катышуу зарылдыгын белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/content8245



Добавить комментарий