Шашылыш билдирүү: 3-5-ноябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт

31 октябрь 2017 16:17 1906 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мындай ысык жана кургак аба ырайынан кийин 3-ноябрда күндүз жана 4-5-ноябрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

3-ноябрда, күндүз айрым райондордо, 4-5-ноябрда территориянын күпчөлөк бөлүктөрүндө жаан-чачын болуп, тоолорго кар түшөт, жер-жерлерде ӊөшөр болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы катуулап секундасына18-23 метрге чейин жетет. 4-5-ноябрь күндөрү абанын температурасы төмөндөйт: Чүй, Талас областтарында түнкүсүн абанын температурасы 1…6°, күндүз 6…11°, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 10…15°,ысык-Көл областында жана тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10°, Нарын областында, тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8°, күндөз 3…8°, ал эми бийик тоолуу аймактарда болсо температура түнкүсүн -13…-18°, күндүз -2…-7° чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба, жайлоолордо мал-жандыктарды кармоо, автотранспорт, байланыш түйүндөрүнүн, коммуналдык кызматтардын иштерин кыйындатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content8244



Добавить комментарий