Жогорку Кеӊеш вице-спикерликке Асел Кодуранованын талапкерлигин жактырды

31 октябрь 2017 15:43 531 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин депутаттары бүгүн, 31-октябрда, парламенттин жыйынында вице-спикерлик кызматка КСДП фракциясынан депутат Асел Кодуранованын талапкерлигин жактырды.

КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев жыйында парламенттин вице-спикерлик кызматына А.Кодуранованын талапкерлигин көрсөтүү чечими кабыл алынганын белгиледи.

Талкуудан кийин комиеттин мүчөлөрү Асел Кодуранованын талапкерлигин жактырды

Ссылка: https://barometr.kg/content8242



Добавить комментарий