Мунайды аткезчилик жол менен Кыргызстанга ташып бараткан топ кармалды
Жамбыл областы боюнча Улуттук коопсуздук комитетинин департаменти тарабынан кылмыш топтун мунай газын сатып алуу ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Бул тууралуу Казактснадын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалымдалгандай, Жамбыл областы боюнча комитетинин ыкчам-иликтөө тобу тарабынан ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанга транспорттоо максатында ири көлөмдөгү суюлтулган мунай газ менен кылмышкер топ кармалган.
«Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмыш схемасына Түштүк Казакстан, Жамбыл жана Алматы областтарынан компаниялар тартылды. Аткезчилик жол менен ташылып бараткан мунай газдын негизги бөлүгү Кыргызстан аркылуу Тажикстан жана Афганистанга чыгарылган»,үдеп белгилешти комитеттен.
Серепчилердин баалоосу боюнча, келтирилген зыян дээрлик 2 млн долларды түзгөн.
«Бул факт боюнча «Мунай жана мунай продукцияларын документи жок транспорттоо, алуу, сатуу, сактоо» беренелери боюнча сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. 13 адамдын алтоосу Кыргызстандын жарандары экени аныкталды. Узак убакыт бою мунай газды сатып алуу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүккө катытшытгын ырастаган документалдык жана башка материалдар алынды», - деп белгилешти ведомстводон.
Иликтөө иштери уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content8238
Добавить комментарий ×