Сүйүктүүсүн өлтүрүп, денесин жер төлөдө 4 ай сактап жүргөн аял кармалды

31 октябрь 2017 14:29 1253 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Татарстандын 50 жаштагы тургуну өзү менен бир үйдө чогуу жашаган сүйүктүүсүн алкоголдук ичимдиктерди ичип отурушкан убакта өлтүрүп салган. Коноктор аялга сөөктү жашырууга жардам беришкен. Маркумдун сөөгү ал жерде 4 ай сакталган. Бул тууралуу басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү аял маркум менен Москвада таанышышкан. Ал жакта алар көчө шыпыргыч болуп иштешчү.

Андан кийин алар Татарстандын Ютазинск районуна караштуу кыштактардын бирине келишет. Жайкы кечтердин биринде сүйүшкөндөр чакан кече өткөрүп конокторду да чакырышат. Анда алкоголдук ичимдиктер ичилет. Бул учурда алар тартыша кетишип, эмоцияга алдырган эркек аялга «өлтүр» деп кыйкырып өзүнүн үстүндөгү футболкасын айрып салат. Аял болсо бычакты алып сүйүктүүсүнүн жүрөк туш тарабына сайган. Алган жаракаттан улам жаран ошол жерден жан берген. Өлүмгө күбө болгон коноктор полдогу кандарды жууп, андан кийин өлүктү жашыруу үчүн жердин алдына ыргытып жиберишкен. Үстүн топурак менен көөмп коюшкан.

Учурда кылмышка шектүү аял кармалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content8236



Добавить комментарий