Матвиенко Чыныбай Турсунбековго жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык кат жолдоду
Россия Федерациясынын Федералдык чогулушунун Федерация кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенко депутат Чыныбай Турсунбековго жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык катын жолдоду. Төмөндө жолдомонун текстин келтиребиз:
«Урматтуу Чыныбай Акунович!
Сизге биргеликте жемиштүү кызматташтык үчүн жана Сиздин Россия-Кыргызстандын эки тараптуу алакаларды бекемдөөгө, постсоветтик аймакта анын ичинде Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык Ассамблеясынын алкагында, интеграциялуу процесстерди тереӊдетүүгө кошкон салымыӊызга ыраазычылык билдиргим келет.
Биздин диалог биздин өлкө жана элдердин кызыкчылыктарына жооп бере турган дайыма эки жактуу сый-урмат жана жыйынтыктарга жетүүгө умтулууну айырмалап турчу.
Сизге бекем ден соолук, мындан аркы ишмердүүлүгүӊүзгө ийгилик каалайм.
Ссылка: https://barometr.kg/content8230
Добавить комментарий ×