Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион убактылуу жабылат
31-октябрдан 8-ноябрга чейин Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорт стадионунда Азиянын футбол (U-19) боюнча жаштар чемпионатынын тандоо раунду өткөрүлөт.
Курама командалар менен матчттарды машыгуудан өткөрүүгө байланыштуу, 31-октябрдан 8-ноябрга дейре аталган спорт стадиону келүүчүлөр үчүн убактылуу жабылат. Спорт стадиондун жетекчилиги кечирим сурайт жана 9-ноябрдан баштап стадион келгендер үчүн кадимки тартипте иштей берерин кабарлайт.
Тандоо матчттарынын тартиби:
1-тур (31-октябрь)
12:00 Кыргызстан — Непал
17:00 Оман — БАЭ
2-тур (2-ноябрь)
12:00 Кыргызстан — Оман
17:00 Непал — Бахрейн
3-тур (4-ноябрь)
12:00 Бахрейн — Кыргызстан
17:00 БАЭ — Непал
4-тур (6-ноябрь)
12:00 БАЭ — Кыргызстан
17:00 Оман — Бахрейн
5-тур (8-ноябрь)
12:00 Непал — Оман
17:00 Бахрейн — БАЭ
Ссылка: https://barometr.kg/content8219
Добавить комментарий ×