Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын 13,2 млн долларга экспорттойт
Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын 1 квт-саат үчүн 2,4 АКШ цент ибоюнча экспорттойт. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда, Barometr.kg сайтына “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынын жетекчиси Тагжана Айдаралиева билдирди.
Токтогул суу сактагычын натыйжалуу пайдалануу максатында «Өзбекэнерго» жана «Электр станциялары» коомунун ортосунда электр жарыгын жеткирүү боюнча экинчи келишим түзүлгөн.
"Келишимге ылайык, Кыргызстан электр энергиясын ушул жылдын декабрынан 2018-жылдын март айына дейре техникалык мүмкүнчүлктөрдү эске алуу менен, 550 млн кв-саатка чейинки көлөмүндө, 1 кв-саатына 2,4 цент менен (жалпы суммасы 13,2 млн доллар) экспорттоп баштайт”,-деп билдирди ал.
Эске салсак, Кыргызстандан Өзбекстанга электр жарыгын экспорттоо боюнча бул экинчи келишимге президент Алмазбек Атамбаевдин Ташкентке болгон мамлекеттик сапарынын учурунда кол коюлган. Ал кезде макулдашуу тууралуу кененирээк такталган эмес.
Биринчи келишим боюнча, Кыргызстан мурдараак 2017-жылдын 16-июнунан тартып электр энергиясын 1,25 млрд кв-саат көлөмүндө Өзбекстанга жөнөтүп турган.
Ссылка: https://barometr.kg/content8203
Добавить комментарий ×