Жуманын аягында Кыргызстанда жаан жаап, тоолорго кар түшөт

30 октябрь 2017 15:13 708 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстан боюнча 31-октябрь жана 1-4-ноябрь күндөрүнө карата болжолдуу аба ырайы тууралуу маалымат билдирди.

31-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл областынын айрым райондорунда Кыргыз тоо кыркаларынын эектеринде бир аз жаан-чачын күтүлөт, ал эми калган территорияларда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Ушул эле күнү жана 1-2-ноябрда жана 3-гоябрда түнкүсүн жаанүчачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, секундасына 1-6 метрди түзөт.

3-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын айрым райондорунда жаан жаайт, тоолорго кар түшөт. Ал эми Ысык-Көл, Нарын областтарында күн ачык болот.

4-ноябрда территориянын көпчүлүк бөлүгүндө түнкүсүн жаан жаайт, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт, жер-жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет.

5-ноябрда территориянын көпчүлүк бөлүгүндө түнкүсүн жана күндүз, 6-ноябрда күндүз жерүжерлерде жамгыр аашы күтүлөт, тоолорго кар түшөт. Абанын температурасы жогорулайт.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында 31-октябрь жана 1-2-ноябрь күндөрү күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, секундасына 1-6 метрди түзөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content8192



Добавить комментарий