Мектеп, ооруканаларда байытылбаган унду колдонууга тыюу салган мыйзамга оӊдоолор киргизилди

30 октябрь 2017 14:56 473 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Алмазбек Атамбаев “КРдын административдик жоопкерчилик боюнча Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ” мыйзамга кол койду.

Мыйзам үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында Жогорку Кеӊеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык:

1) административдик жоопкерчиликке алып барган укук буузулар тизмеси кеӊейтилди;

- саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо жана башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде байытылбаган унду колдонгон үчүн 500 эсеп көрсөткүчү өлчөмүндө айыппул киргизилет

- КРдын аймагында техникалык регламент жана башка нормативдик укуктук актыларга дал келбеген унду импорттоого юридикалык жактар, жарандар жана жеке ишкерлерге байытылбаган унду конфискациялоо менен бирге административдик айыппул салынат

2) саламаттыкты сактоо органдары, өсүмдүктөрдү карантиндөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ишти кароого жана укук бузууларга административдик жаза берүүгө укук берилет.

Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8191



Добавить комментарий