Хоккейчилерди Кышкы Азия оюндарына узатуу иш чарасы болуп өттү

11 февраль 2017 15:20 402 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде Кыргызстан курамасын Жапонияда өтө турган Кышкы Азия оюндарына узатуу салтанаты өттү. Иш-чарада, хоккей боюнча улуттук кураманын капитаны Аман Эсен уулуна Кыргыз өлкөсүнүн желеги тапшырылды. Ал аталган оюндардын ачылышында өлкө желегин көтөрүп чыгат Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов спортчуларга ийгилик каалап, хоккей боюнча Улуттук курамага үмүт артып жатканын  айтып «Баарыңарга ийгилик каалайм. Хоккейчилер бул оюндардан куру кол келбейт деп ишенем. Биз бул оюндарга баруу үчүн 9 миллион сом каражат жумшадык. Өлкөбүздөгү болгон баардык кышкы спорттун түрлөрүнөн машыккан спортчуларга машыгууга жана эл аралык оюндарга катышуусуна шарт түзүп келебиз» — деди жетекчи.  Спортчуларга жана машыктыруучуларга атайын даярдалган формалар тапшырылды. Ал эми 13 хоккейчи Кыргыз Республикасынын спорт чебери деген наам ыйгарылды. Хоккейчилерибиз жөнөп жаткан  Жапонияда өтө турган кышкы Азия оюндары 19-26 февраль күндөрү Жапониянын Саппоро шаарында өтөт.  Мында Кыргызстандын намысын 33 спортчу коргойт. Алар спорттун 4 түрүнөн: биатлон, муз үстүндөгү бий, тоо лыжасы жана хоккей боюнча таймаштарга түшүшүп мөөрөй талашат. 

Ссылка: https://barometr.kg/content819



Добавить комментарий