Чек арадагы чектөө: 340тан ашуун айдоочу чыгымга учуроодо
Күн сайын Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында бир сутка ичинде 340тан ашуун унаа кармалып турат. Алар орто эсеп менен алганда, бир суткада 23,5 миӊ доллар каражаттарын жоготуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда, парламенттин жыйынында Экономика министри Артем Новиков билдирди.
«Сурамжылоонун жүрүшүндө жүк ташуучу унаанын 349 айдоочусу биз орто эсеп менен санаганда суткасына 23 миӊ долларынан кур калып жатышат», - дейт министр.
Анын айтымында, ведомствонун алдын ала эсептөөлөрүнө ылайык, мындай өлчөмдөгү автоунаалар үчүн бир суткада майга 8 миӊ 600 доллар, тамак-ашка 5 миӊ 130 доллар жана справкаларга 9 миӊ 900 доллар каражат кетери аныкталган.
Министрдин айтымында, жардам көрсөтүү үчүн өкмөтт чек арадагы кырдаалдан зыянга учураган фермерлер менен ишкана ээлеринин зыян тартканын баалоо боюнча ушул жылдын 1-декабрына чейин комиссия түзүүнү ниеттенүүдө.
Ошондой эле, Экономика министри ишкана ээлерин колдоо максатында Салык кызматына 1-ноябрдан тартып жапа чеккен ишкерлер үчүн салыктын мөнөтүндө төлөнбөй калган суммага туум чыгарбоо тапшырмасы берилгенин белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/content8188
Добавить комментарий ×