Бишкекте өрттүн кесепетинен эки адам каза тапты

30 октябрь 2017 10:53 430 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте чыккан өрттөн улам эки жаран каза болду. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Ушул жылдын 29-октябрында борбор калаанын Баетов көчөсүндө жайгашкан батирдин уктоочу бөлмөсүндө диван, палас жана шкаф күйүп кеткен. Газдын исинин кесепетинен натыйжада 1973-жылы туулган М.Э. аттуу жаран жана Вика аттуу 30-35 курактагы аялдын денеси табылган.

Өрт тамекини абайлабай тарткандан улам чыккан.

Ссылка: https://barometr.kg/content8174



Добавить комментарий