"Каркыра" пункту 31-октябрда убактылуу жабылат

27 октябрь 2017 18:16 423 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөттүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдагандай, КРдын Мамлекеттик чек ара кызматы Ысык-Көл областы боюнча башкармалыгы «Каркыра-автожол» эл аралык сезондук көзөмөл-өткөрмө пункту 2017-жылдын 31-октябрында кечки саат алтыдан баштап физикалык жак жана транспорттук каражаттарды өткөрүү боюнча убактылуу ишин токтотот.

Белгилесек, аталган өткөрмө пункту кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында быйыл 1-майда иштеп баштаган.

Пункт күндүз саат 8.00дөн кечки саат 18.00гө чейин гана иштейт. Ал Алмата областынын Райымбек районунда жана Ысык-Көл областынын Түп районунда жайгашкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/content8121



Добавить комментарий